2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча Регионалдык борборунун (БАААДБ) Башчысы Наталья Германдын ортосунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефондук сүйлөшүү болду.

3665

2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча Регионалдык борборунун (БАААДБ) Башчысы Наталья Германдын ортосунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча телефондук сүйлөшүү болду.

Министр Р.Казакбаев кыргыз жана тажик тараптарынын ортосунда ок атууну токтотуу жана кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүү жөнүндө макулдашууга жетишилгендигин кабарлады. Министр Н.Германды 2021-жылдын 29-апрелинде орун алган окуялар жана Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымдады. Р.Казакбаев Бишкек эл аралык жана эки тараптуу милдеттерди жана макулдашууларды жактай тургандыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге, Министр эки тараптан тең курман болгондор бар экенинин өкүнүү менен белгиледи. Ал жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунда ички жер которгон кишилер жана уроого учураган инфратүзүмдүк объектилер менен үйлөр бар экендигин айтты. Ушуга байланыштуу, Министр БУУ ички жер которгон кишилерге жардам көрсөтө тургандыгына жана алардын жашаган жерлерине кайтуусуна көмөктөшө тургандыгына, ошондой эле талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтө тургандыгына үмүт артарын билдирди. Бул иштер туруктуу тынчтыктын ишенимдүү жөлөгү болорун баса белгиледи. Ушундан улам, Министр БУУнун агенттиктеринин программаларынын жана долбоорлорунун бир бөлүгүн Баткен облусундагы жаңжалдан кийин калыбына келтирүү иштерине буруу зарыл деген оюн билдирди.

Регионалдык борбордун Башчысы Н.Герман тараптардын ортосундагы ок атууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун ортосундагы чек арадагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюлганын кубаттады. Буга катар, ал кырдаалды тынчтык жолуна буруудагы кыргыз тарабынын салымын өзгөчө белгиледи. Н.Герман БУУнун агенттиктеринин жаңжалдын тараптарына, алардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, учурда иштеп жаткан программалар жана долбоорлордун алкагында жардам берүүгө даярдыгын билдирди. Н.Герман БУУнун Баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы окуяларга кылдат байкоо салууда экенин маалымдады. Тараптар ортосунда ок атууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун жетишилгендиги БУУнун штаб-квартирасына маалым. БУУ эки тарапты тең, кандай гана чечилбеген маселе болбосун, аларды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча түз байланышта болууну улантууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK