2020-жылдын 16-июлунан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» – https://tizme.gov.kg порталында жайгашкан. Ал аркылуу өзүңүздү тизмеден текшерүүңүздү суранабыз.

5030

Украинанын аймагында убактылуу жана туруктуу жашап жаткан кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин алдындагы шайлоо участогун бекитти (УШК № 9022).

2020-жылдын 16-июлунан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» – https://tizme.gov.kg порталында жайгашкан. Ал аркылуу өзүңүздү тизмеден текшерүүңүздү суранабыз.

Эгер ката табылса, так эместик кетсе, же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын № 9022 участогуна (Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигине) № 1 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификацияны өтөт.

Ал эми шайлоо күнү Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары жүргөн, бирок, консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма № 2 аркылуу) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда КР чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти шайлоого чейин 15 календардык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл. Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Шайлоочунун арызына тиешелүү шайлоо комиссиясынын жообу кагаз же электрондук түрдө кабыл алгандан 7 календардык күн аралыгында, шайлоочу арызында көрсөткөн дарек, анын ичинде электрондук дарекке да жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Биометрикалык каттоону Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде өтсө болот.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK