2019-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жана кыргыз диаспорасы эл аралык “Нооруз” майрамын белгилешти.

5562

2019-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жана кыргыз диаспорасы эл аралык “Нооруз” майрамын белгилешти.

Майрамга карата Киев шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Асель Турдалиеванын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жана ырчы-тамада Алтынбек Кыдыралиевдин катышуу менен концерт уюштурулган.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов мекендештерди, күн-түндүн теңелүү жаз майрамы менен куттуктап, Элчиликтин кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында жана жарандардын консулдук кызматтарын алуу тартибин заманбап электрондук системаларды колдонуу аркылуу жеңилдештирүү иш-чаралары тууралуу баяндап берди.

Өз сөзүнүн аягында Элчи Ж.Шарипов Кыргыз Республикасынын жарандарына чын ден соолук, биримдик, бакыт-таалай жана бакубатчылыкты каалады.

  • 2019-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жана кыргыз диаспорасы эл аралык “Нооруз” майрамын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK