Украинадагы Кыргыз Республикасынын маданий өзгөчөлүктөрүн жана руханий баалуулугун таанытуу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында жыл сайын өткөрүлчү «Outlook World Culture» 5-чи дүйнөлүк элдердин маданиятынын фестивалына катышты.

5246

Бул иш чараны өткөрүү демилгеси «Outlook» долбооруна таандык, “Украиналык маданият фонду” демөөрчү болуп, иш чарага Украинада аккредиттелген, 30 ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышты. Дүйнөлүк элдердин маданият фестивалы улуттук маданий-көркөм, Украинанын улуттук деңгээлде баалуулугу болуп эсептелинген, «Мистецький Арсенал» музей комплексинде өткөрүлдү.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине Украинанын Биринчи айымы М.Порошенко, Украинанын Маданият министри Е.Нищук жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары катышты.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарынын тургундарына жана меймандарына кыргыз элинин бай маданий мурасын жана кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрүн тартуулады. Фестивалда кайыштан, кийизден жасалган буюмдар, улуттук кийим-кече, улуттук баш кийим, ар түрлүү сувенирлер жана Кыргыз Республикасы жөнүндө китепчелер коюлуп, ошондой эле, өзүнчө бир бурч толугу менен Ч.Айтматовго арналып, ал жерде алгачкы жолу украин тилине которулган китептер көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Украиндагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жана Элчиликтин кызматкерлери келген конокторго кыргыздардын салт-санаасы, көөнөргүс мурасы жана кол өнөрчүлүгү жөнүндө айтып берип, улуттук кийимдердин маанисин чечмелеп беришти, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Элчилик тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын бурчу коноктордун өзгөчө кызыкчылыгына ээ болду.

  • Украинадагы Кыргыз Республикасынын маданий өзгөчөлүктөрүн жана руханий баалуулугун таанытуу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги үстүбүздөгү ж

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK