Кыргыз Республикасынын туризм мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү аркылуу, туризмди чет өлкөлөрдө илгерлетүү тууралуу иш-планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында “Улуттардын парады” аттуу иш-чарага катышты.
Кыргыз Республикасынын туризм мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү аркылуу, туризмди чет өлкөлөрдө илгерлетүү тууралуу иш-планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында “Улуттардын парады” аттуу иш-чарага катышты. Бул иш-чара «Fashion of Diplomacy» журналы тарабынан жана Украинанын Маданият министрлиги, Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Бул иш-чарага 30 ашуун Украинадагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышкан.
Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги тарабынан бул иш-чарада кыргыз элинин байыркы улуттук кийимдери көргөзүлүп, Кыргызстан жана анын туристтик, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео-ролик көрсөтүлгөн.