Бүткүл украиналык жаш балдар арасындагы улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын баракчалары менен” аттуу сүрөт мелдеши Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жана Украинанын жаш балдар үчүн улуттук китепканасы тарабанын ушул жылы жазында жарыяланып, сүрөт мелдешинин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында болуп өттү.

4049

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Украинанын Маданият министрлигинин, сүрөтчүлөр бирикмесинин, китепканалар жаатында эмгектенген өкүлдөрү, мелдештин жеңүүчүлөрү жана алардын ата-энелери, интеллигенция, Ч.Айматовдун чыгармачылыгынын ышкыбоздору жана ошондой эле, Киев шаарында жашап жаткан мекендештер катышышты.

Мелдешке 4000 жакын жаш балдар Украинанын бардык аймактарынан катышып, алардын ичинен 144 иш тандалып алынып, гран-при жана байгелүү орундардын ээлери үч жаш куракка бөлүнүп аныкталган. Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасына жолдомо сертификаттары, дипломдор, баалуу байгелер жана сыйлактар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов өзүнүн куттуктоо сөзүндө Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүнө жана чыгармаларына токтолуп кетти. Элчи Ж.Шарипов катышуучулардын санынын көп болгондугуна таң калгандыгын жана украиналык жаш балдардын Ч.Айтматовго болгон сүйүүсүн жана кызыккандыгын өзгөчө белгилеп, ар бир сүрөттө чеберчилик менен жаш балдар Ч.Айтматовдун чыгармасынын мазмунун бере алышкан.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов мелдештин жеңүүчүлөрүнө бекем ден-соолук, окууларына ийгилик каалап, таланттарынын өркүдөп-өсүшүнө тилектеш экендигин билдирүү менен бирге, жаш балдар үчүн улуттук китепканага украин тилине которулган Ч.Айтматовдун китептерин (“Тоолор кулаганда”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Уул менен жолугушуу”, “Кассандра тамгасы”) жана кыргыз эл жомокторун белек катары тартуулаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK