2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин кызматкерлери “Украинанын эл аралык аба жолдорунун” эл аралык катнаш жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Заинховская менен Украинанын эл аралык аба жолдорунун башкы кеңсесинде жолугушуу өткөрдү.

5150

Сүйлөшүүнүн учурунда Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Украинанын ортосундагы авиа каттам жана өлкөлөр арасындагы түз авиа байланыш маселесин талкуулашты.

Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын “Аба кодексине” “Ачык асман” жана “Бешинчи деңгээлдеги эркиндик” жөнүндө киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кененирээк маалымат беришти.

Андан тышкары эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн саны дагы түз каттам ачуу үчүн жетишээрлик экендиги белгиленген. Түз аба каттамын ачуу экономика, соода, инвестиция, маданий жана туристтик багыттагы кыргыз-украин мамилесинин өнүгүүшүнө салымын кошмок.

Тараптар эки өлкөнүн борборлору ортосунда түз каттам ачуу боюнча дагы да сүйлөшүүлөрдү уланта тургандыгы макулдашылган.

  • 2019-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин кызматкерлери “Украинанын эл аралык аба жолдорунун” эл аралык катнаш жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Заинховская менен Украинанын эл аралык аба жолдорунун башкы кеңсесинде жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK