Украинанын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Референдумга катышуу максатында, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08-00дө Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин имаратында № 9022 шайлоо участогу ачылды.

Шайлоо участогу саат 20-00гө чейин ачык болот.
COVID-19 пандемиясы уланып жаткандыгына байланыштуу, мурда бекитилген алгоритм боюнча, шайлоо процесси бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди колдонуу менен өткөрүлүүдө.