Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Кыргыз Республикасынын жаш өспүрүмдөрдөн турган эркин күрөш боюнча командасы менен жолукту.
2019-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Кыргыз Республикасынын жаш өспүрүмдөрдөн турган эркин күрөш боюнча командасы менен жолукту.
10 спортчудан жана 2 тренерден турган команда Киев шаарына эки жолку олимпиада чемпиону А.Колчинскийдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык ачык турнирге катышуу үчүн келишкен.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча, кыргыз спортчулары 3 алтын жана 1 коло байгелерге ээ болушту.
Элчи Ж.Шарипов спортчулар менен жолугуп, алардын татыктуу күрөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, спорт чеберлерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.