2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов "Эсимде" долбоорунун алкагында "Полис Азия" аналитикалык борборунун өкүлдөрү Элмира Ногойбаева жана Гүлзат Алагөз Кызын Элчиликте кабыл алды. Алар, ХХ-кылымдын 30-жылдарында Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар боюнча архивдик маалыматтарды изилдөө үчүн Украинага келишкен.

3313

Элчи Ж.Шарипов 2018-жылдан бери Элчилик архивдик маалыматтар менен туруктуу негизде иштеп жатканын жана 30-жылдары Украинага сүргүнгө кеткен кыргыз жарандары тууралуу маалыматтарды издеп жатканын айтты. Украинанын архивинен алынган материалдар Кыргыз Республикасына жөнөтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде, Э.Ногойбаева жана Г.Алагоз Кызы Элчиликке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 30-жылдардагы украиналык кыргыздар жашаган Херсон облусунун Виноградово жана Крестовка айылдарында болгон окуяларга күбө болгон тургундар менен жолугушууну уюштуруп бергендиги үчүн жана Украинанын Коопсуздук кызматынын Херсон жана Киев шаарындагы архивдерине кирүүгө уруксат алып бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тараптар 30 -жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын элесин калыбына келтирүү үчүн бул багыттагы иштерди улантууга кызыкдар экенин белгилешти.

“Эсимде” долбоору 20-кылымдын тарыхын жана эс тутумун Кыргызстанда жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө изилдейт. Архив иштери жана күбөлөр менен баарлашуу аркылуу уюм массалык репрессиялар жана тоталитардык өткөн тарыхый чындыкты калыбына келтирет.

  • 2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK