Маалыматтык билдирүү

2746

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 11-мартында бишкек убактысы боюнча саат 22.45те Бишкекке уюштурулган чартердик рейс келди, аталган каттам менен Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти.

Эвакуациялык авиакаттамды КРнын Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү "Фронтекс" чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен биргеликте уюштурду.

Азыркы кезде Министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда, ошондой эле жакын арада Чехия Республикасынан каттам менен Кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда. 

Бүгүнкү күнү Украинада 86 Кыргыз Республикасынын жараны жайгашууда. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып, ар бир жаран менен байланышуу иштелүүдө. 

Жалпысынан Украинадан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 635 жаран коопсуз аймактарга чыгышына көмөк көрсөттү:

Кыргызстанга келген жарандар  – 163 жаран:

- Венгриядан - 91 жаран;

- Польшадан - 72 жаран.

Коопсуз өлкөгө чыгарылгандар:

- Венгрияга - 59 (жалпы 150 жаран чогулган, алардын ичнен 91 Кыргызстанга жөнөтүлдү);

- Польшага - 267 (72 Кыргызстанга жөнөтүлдү, 100гө жакын жаран Польшада калууда);

- Словакияга -20;

- Румынияга- 26;

- Турцияга – 66 

- Молдовага – 21

- Чехияга - 85

- Башка өлкөлөргө  (Литва, Германия) - 18.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380980254746, 

+380507763494, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK