2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинанын «Важмашипекс» улуттук тышкы экономикалык корпорациясынын директору Е.Козик менен жолугушту. Бул корпорация гидроэлектростанциялар, ТЭЦ, атом электр станциялары, газ турбиналык электростанциялар жана тоо-кен өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруу боюнча оор машина куруунун 20 ири ишканаларын бириктирет.

2115

Жолугушууда украин тарапка Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жана CASA-1000 ири энергетикалык долбооруна биздин өлкөнүн катышуусу тууралуу маалымат берилди.

Элчи тез арада Кыргызстанда ири, орто жана кичи ГЭСтерди куруу, электр тармак комплекстерин модернизациялоо жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары менен жаңы көмөкчордондорду куруу зарылдыгын белгиледи.

Бул корпорациянын эбегейсиз потенциалын эске алып, Элчи И.Кадыркулов Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция тартууга чакырды.

Украин тарап алардын «Турбоатом» ААКсы 1980-жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кеңири катышып келе жатканын белгиледи. Бул ишкана Күрпсай ГЭС-4 жана Ташкөмүр ГЭС-3 үчүн жалпы кубаттуулугу 1,289 млн. болгон объектилерге 7 гидротурбинанын орнотушкан.

Корпорациянын жетекчиси гидроэнергетика жана тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо мүмкүн экенине ишендирди.

  • 2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Украинанын «Важмашипекс» улуттук тышкы экономикалык корпорациясынын директору Е.Козик менен жолугушту. Бул корпорация гидроэлектростанциялар, ТЭЦ, атом электр станциялары, газ турбиналык электростанциялар жана тоо-кен өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруу боюнча оор машина куруунун 20 ири ишканаларын бириктирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK