Кыргыз Республикасы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 2023-2025-жылдарга мүчөлүгүнө шайланды

2208

2022-жылдын 11-октябрында Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоонун алкагында Кыргыз Республикасы БУУнун 126 мүчө-мамлекетинин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында сүйлөгөн сөзүндө дүйнө коомчулугун Кыргызстанды колдоого чакырып кетип, шайлоо боюнча бул тышкы саясий тапшырма Мамлекет башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө болду. Мамлекет башчысынын бул көрсөтмөсү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.

Азия тобунан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги төрт орун үчүн алты өлкө – Кыргыз Республикасы, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы ат салышты.

Кыргыз Республикасынын мындай беделдүү эл аралык органга кезектеги шайлануусу өлкөнүн адам укуктары жаатындагы жетишкендиктери жана анын адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди жана демократиялык өнүгүүнү глобалдуу илгерилетүүгө келечектеги салымы дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылышынын далили болду.

Кыргыз Республикасы 2009-2012 жана 2016-2018-жылдарда Кеңештин мүчөсү болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK