Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кулактандыруу!
COVID-19 вирусун алдын алуу максатында жана Украинанын аймагы боюнча киргизилген жалпы карантинге байланыштуу Элчиликтин консулдук бөлүмү жарандарды шашылыш жана ыкчам чечүүчү маселелер боюнча гана кабыл алаарын билдирет. Башка суроолорду Элчиликтин консулу Азамат Кабаевге 044-237-03-47 (кызматтык) жана +380-68-903-36-99 (уюлдук – WhatsApp, Viber) телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.