Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүнүн убактылуу узартылышы тууралуу

5468

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтүнүн убактылуу узартылышы тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын камсыздоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле калктын ден соолугун сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын
(COVID-19) кирип кетишин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256-Токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2020-жылдын 31-декабрына чейин, (Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары) колдонуу мөөнөтүн убактылуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдайт.

Колдонуу мөөнөтү узартылган жогоруда аталган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) үчүн гана чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга болот

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары, зарыл учурда, 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонууну узартуу жөнүндө тиешелүү белгини койдуруу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алышат.

Негизи:  КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтому

https://www.gov.kg/ky/npa/s/2473

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK