Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 3-майындагы билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги адам өлүмүнө алып келген, Украинанын аймагында 2-май күнү болгон курал-жарактуу кагылышууларга өтө бушайман экендигин билдирет.

         Эл аралык коом постсоветтик аймактагы жаңы тенденцияларга күбө болууда жана алар кеңейтилген диалогту талап кылып, конфронтацияны токтотууга кызыктар экендигин билдиришет деген божомол бар.

         Ошондуктан, Кыргыз Республикасы ой-келишпестиктер болуп жаткан өлкөлөрдү тез арада ок атууну токтотуп БУУнун Уставынын жана Эл аралык укуктун негизинде маселени чечүүгө үгүттөйт.