Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү

2654

2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү. Кыргыз тараптан делегацияны Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жетектеди. Венгрия тараптан  Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев венгер тарабына жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигин түзүлүшү маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Министр Р.Казакбаев ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу КР Венгриядагы Элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Венгриянын Президенти Я.Адерге жана Венгриянын Премьер-министри В.Орбанга Кыргызстанга келип кетүүгө жана 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА 1-Экономикалык форумуна катышууга чакыруусун тапшырды. Өз кезегинде, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто Бишкекте өтө турган форумга катышуусун ырастады.

Стратегиялык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын тышкы иштер министрлери штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашуусу менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандыгы жана фонддун уставдык капиталы 50 млн. АКШ долларга чейин акырындык менен толукталып баштагандыгы жөнүндө расмий жарыялашты.  Өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, туризм жана башка экономикалык чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду, бул Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин талкуулашты, анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Будапешт шаарында өткөрүүгө пландаштырылган, ошондой эле КР менен Венгриянын ортосундагы ишкердик кеңешинин алкагында ишин талкуулашты, анын кезектеги жыйыны 2021-жылдын 24-сентябрында Будапештте болуп өткөн

Тараптар 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы экендигин белгилешти, ушуга байланыштуу бул датага арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө макулдашышты. Атап айтканда, Министр Р.Казакбаев  Стратегиялык кеңештин кийинки жыйынын 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү, жогорку жана эң жогорку денгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, КРнын маданият күндөрүн Венгрияда жана Венгриянын маданият күндөрүн КРда өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери ошондой эле кыргыз студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн каралган квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашышты. Министр Р.Казакбаев ушул жылдын октябрында Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Stipendium Hungaricum маселелери жана Венгриянын Дипломатиялык академиясынын  мамлекеттик катчысы Орсоль Паксай-Томасишти Кыргызстанда тосуп алууга жана Кыргызстанда КР ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын жана  Венгриянын ректорлорунун конференциясынын форумун Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги үстүбүздөгү жылдын  октябрынан баштап КР жарандарына Венгрияга жана Европа Биримдигинин башка бир катар өлкөлөүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты, бул КР жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганстандагы кырдаалды талкуулашты. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Афганстан Кыргызстандын тарыхый коңщу  жана дос өлкө экенин белгиледи. Кыргызстан Афганистандагы кырдаал боюнча Борбордук Азиядагы регионалдык өнөктөштөрү Россия менен, ошондой эле регионалдык уюмдар: ЖККУ жана ШКУ боюнча милдеттенмелердин алкагында координацияланган саясат жүргүзөт.

Мындан тышкары, Министр Р.Казакбаев П.Сийярто Кыргыз Республикасынын афган жаштарына, аялдарга Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүү демилгеси тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосунда Stipendium Hungaricum  программасы боюнча макулдашууга.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Stipendium Hungaricum программасынын алкагында 2022-2024-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  3. КР Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңеш түзүү жөнүндө меморандумуна.
  4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корвинус университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга.
  5. Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин жайгашуусу үчүн кыргыз тараптын пайдалануусу үчүн жай берүү жөнүндө келишимге.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK