КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Австриянын Санариптик жана экономикалык иштер федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча Башкы директору Франц Вессиг менен жолугушту

1131

2022-жылдын 9-июнунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-австрия ТИМдер аралык консультацияларынын кезектеги раундуна катышуусунун алкагында ал Австриянын Санариптик жана экономикалык иштер федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча Башкы директору, Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Франц Вессиг менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө үстүбүздөгү жылдын 27-28-сентябрында Бишкекте өтө турган Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (ЭКК) 8-жыйынынын өткөрүү жана анын алкагында кыргыз жана австрия ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-австрия бизнес-форумун уюштуруу маселелери талкууланды.

ЭККнын Кыргыз Республикасында боло турган жыйынына сапаттуу даярдануу максатында тараптар 2020-жылы Венада өткөн ӨАКтын 7-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз тарап ошондой эле жакын арада эксперттик деңгээлде ӨАКтын алдыдагы 8-отурумунун жыйынтыктары боюнча Протоколдун долбоорун даярдоого киришүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле айыл чарба, жеңил өнөр жайы, гидроэнергетика жана туризм тармагындагы кыргыз-австрия кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Алар Кыргыз Республикасынын Австриянын региондору менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана инвестициялык потенциалы боюнча презентациялар аркылуу, Австриянын федералдык жерлеринде кыргыз-австрия бизнес-форумдарын өткөрүү жолу менен өрчүтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK