Ушул жылдын 17-декабрында Вена шаарында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Туруктуу өкүлдөрү ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча Атайын өкүлү, Австрия парламентинин мүчөсү доктор Райнхолд Лопатка менен жолугушту.

2592

Ушул жылдын 17-декабрында Вена шаарында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Туруктуу өкүлдөрү ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия жана Монголия боюнча Атайын өкүлү, Австрия парламентинин мүчөсү доктор Райнхолд Лопатка менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз

Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов катышты.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Туруктуу өкүл Б.Джусупов Кыргыз Республикасында 2021- жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоо жана референдум жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасы шайлоону улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык ачык, эркин жана акыйкат өткөрүүгө умтуларын белгиледи. ЕККУ ПАнын ишмердүүлүгү, айрыкча шайлоого байкоо жүргүзүү жаатындагы ишмердүүлүгү Уюмдун кадыр-баркын чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушууда 2021-жылдын 4-5-январь күндөрү ЕККУ ПАнын миссиясы Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Бишкекке келүүгө ниеттенип жаткандыгы белгиленди. Миссияны Р.Лопатка жетектейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK