2021-жылдын 12-мартында Венада, ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун Үчилтик форматындагы биринчи жыйыны болуп өттү.

2600

2021-жылдын 12-мартында Венада, ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун Үчилтик форматындагы биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйын Испаниянын төрагалыгы астында өтүп, ага топтун теңтөрагалары: Кыргызстан жана АКШ катышты.

Жолугушууга Испаниянын Тышкы иштер, ЕБ жана кызматташтык боюнча министри А.Г.Лайя айым, ЕККУнун Башкы катчысы Х.Шмид айым, ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрагасы, Швециянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү У.Фунеред айым, Швеция төрагалыгынын жаштар жана коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Р.Марбинах айым жана башкалар катышты.

Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун тең төрагасы, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү Б.Джусупов өзүнүн куттуктоо сөзүндө жаштар жана коопсуздук темасын Кыргызстан менен биргеликте өнүктүрүүгө колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн Испаниянын жана АКШнын ЕККУдагы делегацияларынын башчыларына ыраазычылык билдирди.

Туруктуу өкүл Үчилтик форматындагы топко теңтөрагалык кылууда кыргыз тарабынын өз салымын кошууга даярдыгын, Кыргызстан - бул жаш демократия жана өлкөнүн бул топко теңтөрагалык кылуусу ЕККУнун Борбор Азиядагы уникалдуу билим берүү долбоору болгон ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендигин белгиледи. Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын демилгеси менен 2002-жылы негизделген Академия бүгүнкү күндө жаш адистердин илимий-изилдөөлөрүн колдоп келет.

Б.Джусупов ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жаштардын демилгелерин колдоого багытталган аракеттерин кубаттады жана жаштар боюнча күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн бардык кызыкдар тараптарды ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ресурстарын колдонууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK