8-июнь 2021-жылы Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг менен жолугушту. ЮНИДОнун башчысы Кыргызстан өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга жана ресурстарга ээ деген пикирин билдирди. Өз кезегинде, Уюм мамлекетти долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, айрыкча Өлкөлүк Өнөктөштүк Программасы (ПСП) аркылуу колдоого даяр.

2364

8-июнь 2021-жылы Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай Өнүктүрүү Уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Ли Йонг менен жолугушту.

ЮНИДОнун башчысы Кыргызстан өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга жана ресурстарга ээ деген пикирин билдирди. Өз кезегинде, Уюм мамлекетти долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, айрыкча Өлкөлүк Өнөктөштүк Программасы (ПСП) аркылуу колдоого даяр.

Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүнүн ичинен ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасына мүчө болгон жалгыз өлкө. ПСП экономикалык өнүгүүгө жетишүү куралы болуп саналат, бул Кыргызстанга өлкөнүн келечегинин стратегиялык көз карашын бекемдөөгө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошо турган орто мөөнөттүү программалардын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Туруктуу өкүл Б.Джусупов ЮНИДОнун башчысы Л.Йонгго Кыргыз Республикасына көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын ЮНИДО менен кызматташуусу узак мөөнөттүү келечекке ээ деп ишендирди. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир катар техникалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Инклюзивдүү туруктуу индустриалдык өнүгүүнү алга жылдырууну максималдуу түрдө жүзөгө ашыруу үчүн, улуттук артыкчылыктарга жооп берет жана өнөр жай секторундагы улуттук трансформация процессине кошумча дем берет деп үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Туруктуу өкүл Б.Джусуповдун ЮНИДОнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын эске алып, Башкы директор Л.Йонг Уюмдун эстелик сыйлыгын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK