Туруктуу өкүл Т.Макеевдин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Аткаруучу директору Г.Ф.Вали айым менен жолугушуусу тууралуу

2572

Ушул жылдын 3-сентябрында Венада Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Макеевдин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Венадагы бөлүмүнүн Башкы директору/БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Аткаруучу директору Гада Фатхи Вали (Ghada Fathi Waly) айым менен жолугушуусу болду. Жолугушууда Т.Макеев Г.Ф.Вали айымга БУУнун Венадагы бөлүмүндөгү, ошондой эле БУУ БКБдагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү болуп өзүнүн дайындалышы жөнүндө Ишеним грамотасын (аккредитациялык нотаны) тапшырды.

Эки тараптуу жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУ БКБ ортосундагы кызматташуунун жалпы күн тартиби боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан демилгелер жана долбоорлор үчүн БУУ БКБга ыраазычылык билдирди. БУУ БКБнын 2021–2025 жылдарга карата Стратегиясынын кабыл алынышын кубаттады жана Стратегиянын негизги принциптери 2022-2025-жылдарга карата Борбордук Азия боюнча Программада чагылдырылат деген үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен БУУ БКБнын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жеке салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Г.Ф. Вали айым Кыргыз Республикасынын жаңы Туруктуу өкүлү катары Т.Макеев аркылуу кыргыз тарабы менен жигердүү кызматташуу уланарына ишеним билдирди. БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча Программасынын маанилүүлүгүн белгилеп, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Башкармалык Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтүүнү улантарын баса белгиледи.

Маалымат үчүнБириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ-UNODC) мыйзамсыз баңгизат жана эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө дүйнөлүк лидер болуп саналат. Башкармалык 1997-жылы БУУнун Баңгизаттарды көзөмөлдөө Программасы менен Эл аралык кылмыштуулуктун алдын алуу Борборунун биригүүсүнүн натыйжасында негизделген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK