Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту

1815

2021-жылдын 2-декабрында Швециянын Стокгольм шаарында ЕККУнун министрлер кеңешинин 28-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелер, ошондой эле ЖККУнун алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Р.Казакбаев үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу кыскача маалымат берди, ошондой эле ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын өлкөнүн негизги окуясына салттуу түрдө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

С.Зась ЖККУнун сентябрдагы (2021-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу жана Армения Республикасынын төрагалыгы учурунда ЖККУ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун макулдашуунун жүрүшү жана ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Р.Казакбаев кээ бир келишимдер тилекке каршы аткарылбай жатканын белгилеп, ушуга байланыштуу ЖККУнун алкагында өнөктөштүктү бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тиешелүү механизмди иштеп чыгуу зарылдыгына С.Засьтын көңүлүн бурду.

Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагында бардык чөйрөлөрдө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK