Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту

1844

2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда П.Сийярто Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаевди 2022-жылдын 10-февралында Будапештте өтө турган тышкы иштер министрлеринин «Вышеград тобу – Борбордук Азия» форматындагы кезектеги жолугушуусуна катышууга чакырды.
Ошондой эле Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийярто 2022-жылдын апрель-май айларында Будапештте «Вышеград тобу – Түрк мамлекеттер уюму» форматында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү пландалганын билдирди.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев өз кезегинде 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын белгиледи. Ушуга байланыштуу министр Р.Казакбаев П.Сийяртону 2022-жылы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK