Туруктуу өкүл Т.Макеевдин ЕККУ ПА Төрайымы М.Седерфельт айым менен жолугушуусу тууралуу

1400

2022-жылдын 17-майында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, Элчи Төлөндү Макеевдин ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Төрайымы Маргарета Седерфельт айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Туруктуу өкүлү ЕККУ ПАнын Төрайымы жогорку кызматына шайланышы менен М.Седерфельт айымды куттуктап, парламенттик дипломатия ЕККУнун бекемделишине салым кошуп жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ЕККУ ПАнын ишмердүүлүгүнө салттуу түрдө жигердүү катышуу менен, аймактагы парламентаризмди бекемдөөгө, ошондой эле ЕККУнун бүткүл мейкиндигинде парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого өзүнүн практикалык салымын кошуп жатканын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн ЕККУ ПАнын байкоочулар миссиясын жибергендиги үчүн М.Седерфельт айымга ыраазычылык билдирди.

Пиа Каума айымдын ЕККУ ПАнын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалышын кубаттап, ал кишинин 2022-жылдын 21-22-апрелинде Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапары тууралуу маалымат берди жана П.Каума айым менен ыйгарым укуктарынын алкагында жигердүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга үмүт артты.

 

Өз кезегинде ЕККУ ПАнын Төрайымы М.Седерфельт Кыргыз Республикасынын ЕККУнун маанилүү катышуучусу экенин белгиледи. ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгү ЕККУга катышуучу мамлекеттердин жаштарынын сапаттуу билим алуусу үчүн маанилүү стимул болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-6-июлунда Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтө турган ЕККУ ПАнын 29-жылдык сессиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы катышарына ишеним билдирди.

Жолугушуу учурунда эл аралык күн тартибиндеги айрым актуалдуу маселелер тууралуу да сөз болду.

 

Маалымат үчүн: Маргарета Седерфельт 2021-жылдагы дистаннтык режимде болуп өткөн сессиянын жүрүшүндө ЕККУ ПАнын Төрайымы кызматына шайланган. Ага чейин ЕККУ ПАнын Төрагасынын орунбасары болгон. 1999-жылдан бери Швеция парламентинин депутаты, 2010-жылдан бери Швециянын ЕККУ ПАдагы делегациясынын мүчөсү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK