ПРЕСС-РЕЛИЗ Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги

727

Ушул жылдын 17-ноябрында Элчи Төлөндү Макеев Австриянын Федералдык эмгек жана экономика министрлигинде тышкы экономикалык байланыштар тобунун башчысы Ф.Вессиг менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу маселелери боюнча жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар СКАКЭСтин (Өкмөттөр аралык комиссиясы) 8-жыйынынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Аталган отурумунун практикалык компонентин чыңдоо боюнча биргелешкен жалпы мамиленин негизинде жакшы натыйжага жетишилгендиги макулдашылды. Биз жетишилген макулдашуулар толук аткарылганга чейин үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленди.

Т.Макеев экономикалык жана инвестициялык акценттер өзгөрүүсүз калганын жана Кыргызстан мурдагыдай эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталганын белгиледи. Ал буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык гидроэнергетика, туризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, санариптештирүү, билим берүү жана медицина сыяктуу экономиканын тармактары эки өлкө үчүн артыкчылыктуу жана өз ара пайдалуу экендигин баса белгиледи.

Элчи ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экенин белгиледи. Буга байланыштуу Элчилик Австриянын аймактарында бир катар адистештирилген бизнес форумдарды уюштурууну көздөп жатат. Элчиликтин демилгесин Австрия тарап толук колдоп, бул иш-чараларды өткөрүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Австриялык тарап 2022-жылдын 8-9-декабрында Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү Эл аралык Бишкек инвестициялык саммитине кеңири катышууга чакырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK