Туруктуу Өкүл Т.Макеевдин ЕККУнун Башкы катчысы X.Шмид менен жолугушуусу тууралуу

362

2023-жылдын 2-февралында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу Өкүлү Төлөндү Макеев ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид (Helga Schmid) айым менен жолугушту.

ЕККУнун Башкы катчысынын ушул жылы Кыргыз Республикасына пландалган расмий сапары жолугушуудагы талкуунун негизги темасы болуп клады. Башкы катчы Х.Шмид 2023-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүү ниетин ырастады. Сапардын даталарын тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу кошумча макулдаша турган болду.

Жолугушууда ошондой эле ушул жылдын март айында Вена шаарында өтүүсү пландалган Климаттын өзгөрүшү боюнча ЕККУнун Жогорку деңгээлдеги конференциясынын маселелери козголду. Бул иш-чарага кыргыз тарабы активдүү катышууну көздөп жатат. Ушундан улам, ЕККУнун экинчи өлчөмүнүн алкагында жашыл экономика маселелерин илгерилетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Башкы катчы Х.Шмид өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын дараметин жогору баалады жана анын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы ар тараптуу колдой берерин ырастады.

Туруктуу Өкүл менен Башкы катчы Уюмдун бардык үч өлчөмүндө тең конструктивдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK