2023-жылдын 13-апрелинде Австриянын борбор шаарын Советтик Армия бошоткондугунун 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

141

2023-жылдын 13-апрелинде КРнын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөндү Макеев КМШга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери менен биргеликте Вена шаарынын бошотулгандыгынын 78 жылдыгынын урматына советтик аскерлердин эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Салттуу иш-чара курман болгон советтик аскерлердин Венанын Борбордук көрүстөндөгү жана Шварценбергплатц аянтындагы эстеликтеринин алдында болуп өттү.    

Маалымат үчүн: Венаны алуу Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында советтик аскерлердин Венага чабуул жасоо операциясынын бир бөлүгү болгон. 1945-жылдын 5-апрелинен 13-апрелине чейин созулган чабуул учурунда 17 миңге жакын советтик аскерлер курман болгон. Венаны алуу операциясы Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы айларынын чечүүчү окуяларынын бири болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK