Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Маутхаузен концлагеринин бошотулгандыгынын 78 жылдыгына арналган расмий эскерүү аземине катышты

120

2023-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Маутхаузен концлагеринин бошотулгандыгынын 78 жылдыгына арналган расмий эскерүү аземине катышты. Миңдеген адамдар катышкан жөө жүрүштө кыргыз делегациясын Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеев жетектеди.

Расмий эскерүү аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атынан концлагердин борбордук эстелигинин алдына жана Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Австриянын аймагында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин урматына чегерилген мемориалдык тактага гүл чамбарлар коюлду.

Аза күтүү иш-чарасына 10 000 ге жакын адам катышты, алардын арасында концлагердин аман калган туткундарынын тууган-уруктары, чет өлкөлөрдүн делегациялары, Австриядагы дипломатиялык миссиялардын башчылары жана кызматкерлери, ардагерлер, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болду.

Эскерүү аземине Австриянын Вице-канцлери Вернер Коглер, Ички иштер Федералдык министри Герхард Карнер, Европа Биримдиги иштери жана конституция боюнча Федералдык министри Каролина Эдтштадлер, Жогорку Австриянын губернатору Томас Штелцер жана парламенттик партиялардын өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн: Маутхаузен концлагери 1938-жылы курулган жана Австриянын аймагындагы эң ири нацисттик концлагерь болуп саналган. Бул жерде 200 миңден ашуун адам кармалган, алардын 90 миңге жакыны каза болгон. Концлагерь 1945-жылдын 5-майында бошотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK