Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941-1945) Жеңиш Күнүнүн 78 жылдыгына арналган гүлчамбарларды коюу аземине катышты

183

2023-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги КМШга кирген бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 78 жылдыгына арналган гүлчамбарларды коюу аземине катышты.

Салтка айланган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын дипмиссиясынын кызматкерлери Шварценбергплац аянтчасындагы жана жана Вена шаарынын борбордук көрүстөнүндөгү советтик жоокерлердин мемориалдарына гүлчамбарларды койду.

Маалымат үчүн: Советтик Армиянын баатырларына эстелик катары белгилүү болгон Мемориал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Вена шаарын бошотууда  курман болгон 17 миң советтик жоокердин элесине арналып тургузулган. Бул эстелик Шварценбергплац аянтында жайгашкан жана Австриянын борбор шаарын бошотууда Советтик Армиянын жоокерлеринин, алардын ичинде кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн баатырдыгын түбөлүк эскерүүнүн жана аларга ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп саналат.

Вена шаарынын борбордук көрүстөнүнө Австриянын көптөгөн көрүнүктүү саясатчыларынын, композиторлорунын жана көркөм өнөр ишмерлеринин сөөктөрү коюлган. Ошондой эле 1945-жылы Вена шаарын фашисттик Германиядан бошотуу учурунда курман болгон советтик аскер кызматкерлеринин сөөгү да ушул көрүстөнгө коюлган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK