Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Төлөндү Макеев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Герд Мюллер менен жолугушту

147

2023-жылдын 24-майында Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Төлөндү Макеев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Башкы директору Герд Мюллер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндөТуруктуу өкүл Башкы директордун өнөр жайды өнүктүрүү жана уюмду реформалоо жаатындагы аракеттерин колдоду. Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ӨӨП) ишке киргизүү боюнча маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, Туруктуу өкүл өнөр жайды өнүктүрүү жана ресурстарды мобилизациялоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ӨӨП программасына кол коюуга жана аны практикалык ишке киргизүүгө даяр экендигин билдирди. Кыргыз тарабынын пикиринде ЮНИДОнун активдүү көмөгү менен иштелип чыккан Программа өлкөдөгү жашыл экономиканын, агро өнөр жайдын, гидроэнергетиканын инклюзивдүү өнүгүшүнө, климаттын өзгөрүшү жана туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Г.Мюллер өз кезегинде бул программалык документти ЮНИДО уюмунун стандарттарына жана талаптарына ылайык келтирүү үчүн ӨӨП программасын жаңылоого көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди. Бул Кыргыз Республикасы менен Кызматташуу Программасына жакынкы мөөнөттөрдө кол коюуга маанилүү өбөлгө түзөт.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн жогоруда аталган тармактарда Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Маалымат үчүн: ЮНИДО – БУУга мүчө мамлекеттерде инклюзивдик жана туруктуу өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана тездетүү боюнча уникалдуу мандаты бар БУУнун атайын түзүлгөн мекемеси. ӨӨП Кыргызстан программасы өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан 1993-жылдын 8-апрелинен бери ЮНИДОго мүчө-мамлекет. ЮНИДОнун Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк кеңсеси 2009-жылдын январ айында ачылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK