Элчи Т.Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин өкүлү Г.Зайллер менен жолукту

125

Ушул жылдын 21-июлунда Элчи Төлөндү Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинде Россия Федерациясы, Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Түркия, Борбордук Азия жана Арктика департаментинин башкы директору Г.Зайллер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн комплекстүү темалары жана эл аралык күн тартибиндеги айрым актуалдуу маселелер козголду.

Тараптар өз ара кызыктырган маселелердин кеңири спектри боюнча Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн биргелешип аракеттене тургандыктарын макулдашышты.

Саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү максатында бардык деңгээлдеги өз ара сапарларды жана жыл сайын саясий консультацияларды уюштуруу боюнча чаралар көрүлөт.

Кызматташтыктын экономикалык аспектилерин талкуулоо менен тараптар 2022-жылы өткөн Экономикалык байланыштар боюнча Аралаш Кыргыз-Австриялык комиссиянын 8-жыйынынын жыйынтыктоочу макулдашууларын толук ишке ашырууга жана мындан ары өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча конкреттүү кадамдарды кабыл алууга кызыкдар болгон эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK