Кыргызстан – ЕККУ

Кыргыз Республикасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) 1992-жылдын 30 январында мүчө болуп кирген. 1992-жылдын 8 июнунда Кыргыз Республикасы 1975-жылдын 1 августунда (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин чакырылыш күнү) кабыл алынган Хельсински Жыйынтыктоочу Актысына, ал эми 1994-жылдын 3 июнунда - Европалык коопсуздук боюнча Париж Хартисына кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Элчилиги ошоле эле учурда Кыргыз Республикасынын ЕККУнун алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү 1993-жылдын март айында ачылган.

1998-жылдын 23-июлунда ЕККУнун Туруктуу Кеңеши Бишкек шаарында ЕККУнун Борборун ачуу жөнүндө чечим кабыл алып, бул Борбор 1999-жылы өзүнүн ишин баштады. 2017-жылы ЕККУнын Кыргызстандагы миссиясынын мандаты жаңыланган жана ЕККУнын Бишкектеги Борбору ЕККУнын Программдык Офисы болуп кайра түзүлгөн. Азыркы учурда, аталган Офистин башчысы Элчи Пьер фон Аркс (Швейцария) болуп эсептелет.

1992-жылы жалпы Европалык кеңешменин толук кандуу катышуучусу болуу менен, Кыргыз Республикасы бул кеңешменин мындан аркы өнүгүү процессинде активдүү катышты. Кыргызстандын делегациясы ЕККУнун Хельсинки (1992-ж.), Будапешт (1994-ж.), Лиссабон (1996-ж.), Стамбул (1999-ж.) жана Астана (2010-ж.) шаарларында болуп өткөн жогорку деңгеелдеги Саммиттеринде катышкан. Жыл сайын ЕККУнун Министрлер Кеңешинин жыйындарында Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси катышып келет. Бир гана ЕККУнун Вильнюс шаарындагы Министрлер Кеңешинин жыйынында (2011-ж.) Кыргызстан Тышкы иштер министринин орун басары деңгеелинде катышкан. Мындан тышкары, Кыргызстандын депутаттары ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын иш-аракеттеринде активдүү катышып келет (ПА ЕККУ). 2018-жылдын 3-6 октябрында ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясы Кыргызстанда өттү.

Учурда Кыргызстандын ЕККУ менен, ошондой эле анын органдары жана институттары менен кызматташтыгы динамикалык деңгеелде лнүгүп келет. ЕККУнун Кыргызстанга берилген сунуштары жана консультативдик-эксперттик жардамы көптөгөн тармактарда практикалык жактан колдонуп келет, тактап айтсак, саясий, укуктук жана демократиялык реформаларды иш жүзүнө ашыруу жаатында. ЕККУнун тармагы боюнча сапарлар да тез-тез болуп турат.

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 1999-жылы түзүлгөн Бишкек шаарындагы ЕККУнун Академиясы ийгиликтүү ишин жүргүзүп келет. Бул Академия ЕККУнун билим берүү жана илимий-изилдөө боюнча Борбордук Азиядагы борбору болеп эсептелет. Акалемиядагы окутуу жана сабактар Кыргызстандын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн,КМШ, Европа жана башка чет мамалекеттердин алдынкы адистери тарабынан берилип келет. Азыркы учурда, өзүнүн ишин Академия үч багытта жүргүзүп келет - окутуу, изилдөөлөр жана тренингдер. Анын иш-аракети Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы ЕККУнун Академиясы жөнүндөгү Меморандумун негизинде жүргүзүлүп келет. 2012-жылдын 16-январында, учурдагы саясий илимдер боюнча магистратура программасына кошумча жаңы "экономикалык башкаруу жана өнүгүү" магистратуралык программасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты сактап калуу максатында ЕККУнун аз сандуу улуттар маселелери боюнча Жогорку Коммисар менен активдүү кызматташтык жүрүүдө. Жогорку Комиссардын колдоосу менен негизги төрт багытта иш жүрүп атат: Кыргызстан элинин Ассамблеясына көмөк көрсөтүү, "Билимм аркылуу интеграция" долбоорун иш жүзүнө ашыруу (орто мектептерде инновациялык окуу-тарбия формаларын киргизүү, "интеграциялык" билим берүүнүн жолдорун, ыкмаларын жана технологияларын) ж.б.

ЕККУ биздин өлкөбүздө кабыл алынган ар кандай улуттук документтерди иш жүзүнө ашырууга жардам көрсөтүп келет. ЕККУ өлкөбүздүн парламентаризмин өнүктүрүүдө, трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүүгө, экологиялык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө, ички иштер органдарынды реформа жүргүзүүдө жана башка өлкөбүздүн тиричилик аракеттериндеги ар кандай тармактарда өзүнүн жардамын берип келет.

  • Кыргыз Республикасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) 1992-жылдын 30 январында мүчө болуп кирген. 1992-жылдын 8 июнунда Кыргыз Республикасы 1975-жылдын 1 августунда (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин чакырылыш күнү) кабыл алынган Хельсински Жыйынтыктоочу Актысына, ал эми 1994-жылдын 3 июнунда - Европалык коопсуздук боюнча Париж Хартисына кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Элчилиги ошоле эле учурда Кыргыз Республикасынын ЕККУнун алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү 1993-жылдын март айында ачылган.