Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Вена Дипломатиялык Академиясынын окуу жылынын башталышына карата ачылыш аземине катышты

3195

2019 жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Вена Дипломатиялык Академиясынын окуу жылынын башталышына карата ачылыш аземине катышты.

Иш-чарада Академиянын жетекчилери, профессордук-мугалимдик курамы, студенттери жана Венадагы дипломатиялык корпусу катышышты, ошондой эле ардактуу конок катары Австриянын Улуттук Кенешинин төрагасы Вольфганг Соботка болду.

Аземдин ачылышында Дипломатиялык Академиянын ректору, Элчи Эмил Брикс сөз сүйлөп, Академиянын тарыхы, анын жетишкендиктери жана келечекке карата алдын ала белгиленген иш-чаралары жөнүндө маалымдады. Азыркы учурда мекеменин окуу окуучулары 49 өлкөдөн келген 205 студент бар экендиги белгиленди. Ошол эле учурда, Элчи Брикс Вена Дипломатиялык Академиясында биринчи жолу быйыл Кыргызстандын жаранын кабыл алынганын баса белгиледи.

Расмий аземинен кийин Элчи Бакыт Джусупов Академиянын жетекчилиги менен кыскача жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Элчи Академиянын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде жаш дипломаттар үчүн атайын курсу, Кыргызстанда Академиянын 12 студентинин сапары жана өткөн жыл ичинде уюштурулган Чынгыз Айтматов жазуучунун 90 жылдыгына арналган чыгармачылык кечесин ишке ашыруусун белгиледи. Ошондой эле тараптар келечекте биргелешкен иш-чараларын жана мүмкүн болгон долбоорлорду талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK