Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчиси Б.Джусуповдун Колдонмо тутумдук талдоо эл аралык Институтунун (ИИАСА) Башкы директору Альберт ван Яарсвельд менен жолугушуусу тууралуу Пресс-релиз

5533

2019-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчиси Бакыт Джусуповдун Колдонмо тутумдук талдоо эл аралык Институтунун (ИИАСА) Башкы директору Альберт ван Яарсвельд менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар Институт менен Кыргызстандын ортосундагы илимий биргелешип иштѳѳсү жана аны мындан ары ѳнүктүрүүнүн жолдору тууралуу сүйлѳшүштү.

ИИАСАнын Башкы директору А.ван Яарсвельд экономиканы интеграциалоо Институтунун евразия аймагындагы изилдѳѳ долбоорлору тууралуу жана айлана-чѳйрѳ, экономика жана технология сферасындагы илимий изилдѳѳ программалары тууралуу айтып берди. А.ван Яарсвельд Институттун аймактарда суу-энергия-экономика багытындагы биргелешип иштѳѳгѳ кызыкдар экендигин билдирди.

Ѳз учурунда, Элчи Бакыт Джусупов ѳлкѳдѳгү жана бүткүл Орто Азия аймагындагы саясий жана экономикалык кайра түзүлүүлѳр тууралуу маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан №502 токтом менен 2019-жылдын 27-сентябрында бекитилген Кыргыз Республикасынын 2019-2023-жылдардагы ѳнѳр-жайынын туруктуу ѳнүгүшүнүн Стратегиясын иштеп чыгууда Институттун ролу баса белгиленди.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Институттун ортосундагы тутумдук мамилени жакшыртып, ѳнүктүрүү керектиги тууралуу эки жактын бирдей ой-пикирин айтышты.

Маалымат үчүн: Колдонмо тутумдук талдоо эл аралык Институту (ИИАСА) – Африкада, Түндүк жана Түштүк Америкада, Азия жана Европада улуттук мүчѳ-уюмдары бар, кѳз карандысыз эл аралык изилдѳѳ Институту болуп саналат. Институт тарабынан айлана-чѳйрѳнү коргоо, экономика, технология жана социалдык чѳйрѳ жаатындагы маселелер изилденет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK