Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат менен Саха Республикасынын (Якутия, РФ) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумен) Төрагасынын биринчи орун басары А.Н.Жирков менен жолугушуусу болуп өттү.

1304

2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат менен Саха Республикасынын (Якутия, РФ) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумен) Төрагасынын биринчи орун басары А.Н.Жирков менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Саха (Якутия) Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде, маектешүүчүлөр байланыштарды активдештирүү жана делегациялардын өз ара визиттерин уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Саха Республикасынын (Якутия, РФ) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумен) Төрагасынын биринчи орун басары А.Н.Жирков ушул жылы Саха Республикасында (Якутия) Якутия АССРнын негизделгендигинин 100-жылдыгы белгиленип жатканын билдирип, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисин аталган мааракеге катышып кетүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат өз кезегинде эки элдин тарыхый жана маданий байланыштары мамилелерге өзгөчө из калтыра тургандыктан Саха (Якутия) Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия элдеринин маданий мурастарын сактоо боюнча кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK