Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университеттин ректору В.А.Садовничий менен жолугушуусу туралуу

3158

2019-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университеттин ректору В.А.Садовничий менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Артыкчылыктуу маселе катары Россиянын Жогорку окуу жайларында, алардын ичинде дүйнөнүн эң ири жана кеңири тарыхка ээ болгон 43 факультет, 15 илимий- изилдөө институттары, 300дөн ашуун кафедрага жана Казакстан Республикасында, Өзбекстан Республикасында, Азербайжан Республикасында, Тажикистан Республикасында, Армения Республикасында жана Словенияда 6 филиалга ээ М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинде кесиптик кадрларды даярдоо маселелери каралды.

Андан ары тараптар Бишкек же Ош шаарында М.Ломоносов атындагы ММУнин филиалын ачуу шарттары жана механизмдери тууралуу маселени талкуулашты.

В.А.Садовничий М.Ломоносов атындагы ММУнин филиалын ачуу тууралуу чечим совет мезгилинен кийинки өлкөлөрдөгү практикага ылайык каржылоонун булагын көрсөтүү менен өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан чечилүүсү тууралуу белгилеп кетти.

Тараптар РФнын Президентинин КРсына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча билим берүү, илим тармактарында союздаш мамилелерди, жогорку квалификациялуу адистерди  жана илимий кадрларды даярдоо, ошондой эле Евразиялык биримдиктин социомаданий жана илимий-билим берүүчү интеграциялоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK