Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарымдуу өкүлдөрү Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер менен жолугушту

3086

2019-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы, Ош облусундагы Ыйгарымдуу өкүлдөрү А.Осмоналиев, У.Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  облусундагы Ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары М.Акматов Москва шаарында эмгектенип жатышкан мекендештер жана кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын лидерлери, активисттери менен жолугушту. Жолугушууга Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунун акимдери, КРнын РФдагы Элчилигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 20-майында Москва шаарында өткөн «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форумунун алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөттүн Ыйгарымдуу өкүлдөрү чогулгандарга республиканын облустарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алкагында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде мекендештер өздөрүнүн кичи мекенинин экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестиция алып баруу боюнча сунуштар жана демилгелер айтылды, өлкөлөрдүн аймактарын жакшыртууга багытталган долбоорлорго катышууга даярдыгын билдиришти.

Жарандардын бардык кызыктырган суроолоруна жана сунуштарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан толугу менен жооптор, түшүндүрмө берилди

Жыйынтыгында өлкөнүн аймактарындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуу максатында мындай жолугушуу, иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу келишимине келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK