Энелер Күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Элчиликтин катышуусу тууралуу

3207

2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргызстандагы Энелер күнүнө карата уюштурулган салтаанаттуу иш-чарага катышышты.

Салтанаттуу майрамдык иш-чара Россияда эмгектенип жатышкан эмгек мигрант кыз-келиндердин укугун корго, аларга социалдык колдоо көрсөтүү максатында Элчиликтин көмөгү менен түзүлгөн “Кам көрүү ” коммерциялык эмес автономиялык уюм тарабынан уюштурулду.

Салтанаттын жүрүшүндө Элчиликтин Кеңешчиси Б.Абдыжапарова чыгып сүйлөп, кыргыз мамлекети жана коомчулугу энелерди үй очогунун сактоочусу катары сый, урмат менен баалай тургандыгын жана коомдо энелердин жогорку ордун баалай тургандыгын белгиледи, жалпы энелереди майрамы менен куттуктап, ар бир энеге үй-бүлөлүк бакыт, балдардын сый менен жакшылыгына ээ болуусун каалады. Ошону менен бирге салтанаттуу иш-чаранын жогорку деңгээлдеги уюштурулганын баса белгилеп,   түзүлгөн “Кам көрүү ” коммерциялык эмес автономиялык уюмун түзүүчүлөрүнө, активисттерине, ошондой эле уюмдун активдүү мүчөлөрү болуп саналган көп балалуу энелерге КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун атынан Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө “Кам көрүү” борборунун  мүчөлөрүнүн өздөрүнүн күчү менен даярдалган майрамдык концерт тартууланды. Ошондой эле иш-чаранын аягында ыйык Орозо айынын алкагында “Кам көрүү” борборунун атынан конокторго ооз ачыруу тамагы тартууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK