Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун “Редакция Российской газеты” Федералдык Мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Башкы директору П.А. Негоица менен жолугушуусу тууралуу 

3192

“Российская газета” басылмасынын чакыруусу менен 2020-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов “Редакция Российской газеты” Федералдык Мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Башкы директору П.А. Негоица жана басылманын башкы редактору В. Фронин менен жолугушуусу болду.

Башкы директор П.Негоица 30 “Российская газетанын” 30 жылдан берки ишмердүүлүгү тууралуу, гезиттин бир күндүк тиражы 132 мин нуска, ал эми “Российская неделя” гезитинин бир жумалык тиражы 3 млн. 300 миң нуска, RG.RU сайтына ай сайын 23 млн.окурман кирип, гезиттин окурмандары Россиянын бардык аймактарын, КМШ, Балтика жана алыскы чет өлкөрдү камтый тургандыгы тууралуу айтып берди.

Ошондой эле П.Негоица кыргыз коомчулугунун Россияга карата медиалык кызыкчылыгынын жогрулап жкатындыгын, ага далил катары ЕАЭБнин жана анда Кыргызстандын катышуусу тууралуу ишмерди чагылдырган бир нече макалардын басылып чыгышын белгиледи.  “Российская газетанын” Борбордук Азиядагы жалгыз корреспонденттик пунктунун иши өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кайчылаш жылды ачуу салтанаты жана Улуу Жеңиштин 75-жылдыгын өткөрүү маселелери каралып, согуштун катышуучуларынын эскерүүгө арналган КРнын Президентинин катышуусу менен “Сад Победы” долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.  

Элчиликтин “Российская газета” менен Элчиликтин кызматташуусун өнүктүрүү келечеги талкууланды, анын алкагында А. Джекшенкулов Элчилик тарабынан даярдалып жаткан “Евразиялык экономикалыксоюздун эмгек рыногунун жана миграциянын келечеги” аталган илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырды.

Өз кезегинде өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында П.Негоица Кыргызстандын жана анын аймактарынын ишмердүүлүгүн, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Кайчылаш жылды чагылдырууда маалыматтык көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK