КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык билдирүүсү 24-март, 2020-жыл

3908

 

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги бүгүн Москва шаарынан мекендештерибиз кеткен үч – «Домодедово», «Шереметьево» жана  «Жуковский» аэпропортторунда  авиа каттамды күткөн чогулган жарандар жок экендигин маалымдайт.

2002-жылдын 23-мартында Элчиликтин алдындагы Штабдын өкүлдөрү “Урал авибагыттары” авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылган авиа каттам менен КРнын 207 жараны, анын ичинде 6 жаш бала “Жуковский” аэропортунан Мекенине, Ош шаарына кайтуусуна көмөк көрсөтүү үчүн барышты.

Ошондой эле 23-мартта “Шереметьево” аэропортунда  “Аэрофлот” авиакомпаниясы менен 180 адам учуп кетти, алардын ичинде транзиттик аймактагы 25 КРнын жараны да 6 граждан, ( 4 жаран Стамбул аркылуу ТАР өлкосүнөн келе жаткан, 1 жаран Дубай шаарынан, 1 жаран Минск шаарынан ) мекенине кайтышты.   

Кыргыз Республикасынын аймагында – Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын үч районунда 2020-жылдын 25-мартынан баштап 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилишине байланыштуу,  Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына үзгүлтүксүз каттоочу бардык авиа каттамдар жокко чыгарылат.

«Аэрофлот», «Авиатрафик» жана «Сибирь» авиакомпанияларынын каттамдары гана жумасына 1 бир жолудан каттоо уруксат берилет:

 - Москва–Бишкек–Москва («Аэрофлот» ПАК );

- Новосибирск–Бишкек–Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ААК);

- Ош–Москва Ош («АвиаТраффик Компани» ЖЧК ).

«Жуковский» аэпропортунан учкан “Урал авибагыттары” авиакомпаниясы өзүнүн каттамдарын токтоткондугуна байланыштуу, Элчиликтин, КРнын ИИМнин жана КРнын Миграция кызматынын  өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн дежурлук эки аэропортто - “Шереметьево” жана “Домодедово” аэропортторунда «Аэрофлот» ПАКы жана («АвиаТраффик Компани» ЖЧКнын авиакаттамдары менен учкан мекендештерге көмөк көрсөтүу максатында ишке ашырылат.

Ушуга байланыштуу Элчилик дагы бир жолу жарандардын эсине  Авиа каттамдын так уча турган күнүн, тактап, кошумча маалымат алмайынча жарандарды аэропотторго барбоону салат. Каттамдар боюнча бардык маалыматты түздөн-түз авиакомпанияларга кайрылууну сунуштат.

Ошондой эле Элчилик каттамдардын кармалышы же токтолушу, тууралуу кырдаалга байланыштуу такталбаган, текшерилбеген маалыматты таркатуудан баш тартып, чагымчылдык чакырыктарга баш ийбөө жана азыркы кезде жергиликтүү укук коргоо коргоо органдарынын күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын эске алуу менен, туруу тартибин, коомдо алып жүрүү эрежелерин, санитардык-медициналык көрсөтмөлөрдү сактоого  чакырат.

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы  Штаб күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежурлукту актарышууда, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө. Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 жана kgembassy.ru@mfa.gov.kg, ошондой Элчинин блогуна: www.elchi.ru байланышсаңыздар болот

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK