2020-жылдын 4-июлунда болгон “Авиатраффик” компаниясы тарабынан “Москва-Ош” маршруту боюнча жүргүзүлгөн авиакаттам тууралуу маалымат

3093

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 4-июлунда Москва шаарынан Ош шаарына “Авиатраффик” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 148 жаран учуп кетти, анын ичинен эки жашка чыга элек 15 ымыркайлар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Штабка берилген жарандардын жеке арыздарынын негизинде гуманитардык критерийлерге жана кезектүүлүк принциптерине ылайык комиссиялык тандоо аркылуу түзүлдү. Тизмеге ар кандай категориядагы КРнын жарандары кирди, алардын ичинде майыптар, кош бойлуу айымдар, улгайган жарандар, катуу ооруган жана жакын туугандары каза болгон мекендештер.

Ошондой эле, бул авиакаттам менен РФнын алыскы региондорунун жана Москва шаарынын Жогорку окуу жайларында окуп жаткан 60 КРнын жараны учуп кетти. Тактап айтканда, Пенза Мамлекеттик агрардык университетинин, Башкир Мамлекеттик университетинин, Россия Мамлекеттик гуманитардык университетинин, “МИСиС” Улуттук изилдөө технологиялык университетинин жана Москва энергетикалык институтунун студенттери.

Бул авиакаттам аркылуу адамдардын дем алуу органдарынын ооруларын дарылоого көздөлгөн Кыргызстанга 34-комплект кычкылтек концентраторлорун жөнөтүүдө көмөк көрсөтүлдү.

Авиабилеттердин баасын аныктоо жана аларды сатууну “Авиатраффик” авиакомпаниясы түздөн-түз жүргүзгөнүнө Элчилик өзгөчө көңүл бурат. Бул рейске эконом-класстагы авиабилеттердин баасы 19 600 рубльди түздү.

Мекенине кайтуу жөнүндө жарандардын кайрылууларынын саны 6000ден ашат. Тилекке каршы бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүнчулук жок. “Аэрофлот” авиакомпаниясы тарабынан “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” маршруттары боюнча бир жумада эки авиакаттамдар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, “Авиатраффик” авиакомпаниясы тарабынан “Москва-Ош” жана “Новосибирск-Бишкек” маршруттары боюнча авиакаттамдар пландаштырылууда.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 4-июлуна чейин Россиядан Кыргызстанга 56 авиакаттамдар менен 12 512 мекендештерибиз Кыргызстанга кайтты.

Ошондой эле, 2020-жылдын 7, 23-майында жана 4-июлунда Казакстандын аймагы аркылуу РФнын Оренбург жана Самара облустарынан 2 470 мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтуусу уюштурулду.

КРнын жарандарына жардам көрсөтүү максатында Россияда жумушка орношуу үчүн бош вакансияларды издөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.

Элчилик мекендештерибизди Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоого чакырып, жашаган жерде турууга өтүнөт.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK