КРнын жарандарын Оренбург жана Самара облустарынан Кыргызстанга кайтаруу тууралуу 2020-жылдын 5-июлундагы маалымат

3377

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 5-июлунда Оренбург жана Самара облустарынан 32 автобус менен 1 496 КРнын жарандарынын, алардын ичинен 21 ымыркайлардын энелери менен, 27 улгайган мекендештердин, Мекенине кайтаруусу уюштурулду.

Кайтарылгандардын тизмесине Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде жайгашкан, ошондой эле. Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон КРнын жарандары кирди.

Элчилик Россия тарабы менен биргеликте Мекенине кайтып жаткан КРнын бардык жарандарынын ПЦР-тестин акысыз өткөрүү маселесин чечти.

Мекендештерибизди кайтаруу үчүн автобустардын ижара акысы толугу менен коронавирустук илдетти өлкөгө кирүүнү жана андан ары жайылышын болтурбоо боюнча КРнын Республикалык штабы тарабынан каржыланды.

Бул автобустар менен Кыргызстанга кайтышкан КРнын жарандарынын унаалары 4 трал менен жөнөтүү уюштурулду.

Ошентип, Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шаарында Кыргызстандын жарандары жок. 

Элчилик РФнын Президентинин Приволжск федералдык округундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Орун басары О.А.Машковцевге, Оренбург облусунун губернатору Д.В.Паслерге, Самара облусунун губернатору Д.И.Азаровго жана башка жергиликтүү бийликтин, ошондой эле, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө КРнын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү, чатыр лагерин уюштуруу жана тамак-аш маселесин чечүү үчүн ыраазычылыгын билдирет.

2020-жылдын 7, 23-майында жана 5-июлунда Казакстандын аймагы аркылуу РФнын Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен 2 470 мекендештерибиздин Кыргызстанга кайтуусу уюштурулду. Ошондой эле, жалпысынан бүгүнкү күнгө Россиядан 14 344 мекендештерибиз Кыргызстанга кайтты. 57 авиакаттамдар уюштурулган.

КРнын жарандарына жардам көрсөтүү максатында Россияда жумушка орношуу үчүн бош вакансияларды издөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.

Элчилик мекендештерибизди Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоого чакырып, жашаган жерде турууга өтүнөт.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK