2020-жылдын 23-сентябрындагы Элчиликтин маалыматтык кабары

2713

2020-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик кыргыз тил күнүн белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында, Элчилик Чыңгыз Айтматовдун романынын негизинде кыргыз жана орус тилдеринде жазылган "Плаха" спектаклинин бет ачарына катышты.

Бул чыгарма,  “Яблоко” атындагы Москва жаштар театрында өттү. Долбоорду Россия Федерациясынын Эл артисти Вячеслав Спесивцев алып барды.

Спектаклге Айнаш Козубаеванын жетекчилиги астында "Аян" кыргыз чыгармачыл театрынын артисттери катышты.

Биринчи жолу Москва сахнасында, бош убактысында чыгармачыл борбор менен алектенген эмгек мигранттарынын арасынан тажрыйбалуу эмес актерлор, орусиялык профессионал актерлор менен биргеликте кыргыздын жаш актёрлору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Спектакль көрүүчүлөр тарабынан кызуу кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларын сүйүүчүлөрдүн пикири боюнча, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана адамзаттын жашоосунун адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтууга татыктуу салым кошулат.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Элчиликтин кеңешчиси Б.Абдыжапарова Россия Федерациясынын Эл артисти В.Спесивцевге жана бардык жаш кыргыз актерлоруна терең ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле Кыргызстандын маданий мурастарын жайылткандыгы үчүн Кыргыз чыгармачыл тобунун жетекчиси А.Козубаевага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун атынан диплом тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK