КРнын жарандарын РФнын Башкортостандан, Оренбург жана Самара облустарынан Кыргызстанга кайтаруу тууралуу 2020-жылдын 26-августундагы маалыматтык билдирүүсү

3242

КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет. КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 25-сентябрында РФнын Казакстан менен чектеш Башкирия Республикасы, Оренбург облустарынын аймагынан  58 автобус менен 3 409 мекендештерибизди, анын ичинде 145 жашы жете электер, 645 аял жана 2619 эркек жарандарыбызды Кыргызстанга кайтаруусу уюштурулду.

Россия Федерациясынын Чек ара кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын 5 жаранына айыппулдардын төлөнбөгөн карызы үчүн аймактан чыгууга тыюу салынганына байланыштуу, өткөрүлгөн жок.

Ошол эле учурда, алгач Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен кетүүнү каалагандардын саны болжол менен 3800 адамды түзгөн. Бирок, Элчиликтин түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, 300дөн ашуун жаран Россиядагы жашаган жерлерине кайтып келишти.

Ошондой эле, 19 адам Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болуп чыккандыгына байланыштуу кетүү укугуна ээ болушкан жок. "Жашыл коридор" менен камсыздоо жалаң гана Кыргызстандын жарандары үчүн уюштурулду.

Жарандарды кайтарууну уюштуруу жараяны эки күндүн ичинде этап-этабы менен жүргүзүлдү. Кайтып келгендердин тизмесине Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде Оренбург жана Самара облустарында, ошондой эле Башкортостан Республикасында жүргөндөр киргизилген.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн  жыйынтыгы боюнча, Россия тарап биздин жарандарды өздөрүнүн  аймагынан орус-казак чек арасындагы "Сагарчин" (470 км. аралык) өткөрүү пунктуна жеткирүү үчүн акысыз 19 автобус беришти.

Казакстандык жеке транспорттук компаниялар коммерциялык негизде 58 автобусту ижарага беришти. Ушул компаниялар тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы “Актилек” өткөрүү пунктуна (2257 км. аралык) чейинки жол кирененин баасын ар бир жаран үчүн минималдык 3 миң рубль суммасында аныктады, ал эми балдар үчүн жол кире акысыз болду.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери жеринде жарандарды документтештирүүнү жүргүздү, тактап айтканда, 29 жарандын паспорту узартылып, 27 жаранга мекенине кайтып кетүү тууралуу күбөлүк берилди.

Ошентип, Кыргызстандын бардык жарандары  РФнын Башкирия, Оренбург жана Самара облустарынан орус-казак чек арасынан өз мекенине кайтып кетишти.

Элчилик РФнын Оренбург облусунун губернатору Д.В.Паслерге, Оренбург облусунун губернаторунун орун басары Д.В. Кулагинге, РФнын Оренбург облусу боюнча жергиликтүү чек ара кызматынын кызматкерлерине, Башкортстандын Куйргазин районундагы муниципалдык округдун администрациясынын башчысы Юрий Ильясовго  ошондой эле, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө КРнын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү, чатыр лагерин уюштуруу жана тамак-аш маселесин  чечкенге жардам көрсөткөндүгү  үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Россия Федерациясынын Оренбург жана Самара облустарынан Казакстандын аймагы аркылуу 197 автобуста 11 767 мекендешибиздин мекенине кайтып келишти,мындан тышкары, 203 авиа каттам уюштурулган.

Жалпысынан, бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга 38 724 мекендештерибиз Кыргызстанга кайтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, россия-казакстан чек арасы жабык. КРнын жарандарын сабырдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK