Кыргыз Элчилиги Нооруз майрамын бак отургузуп белгиледи
2021-жылдын 21-мартында Доха аэропортунун паркында Элчи Ч.Эшимбековдун жана Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бак отургузуу аземи болуп өттү.
Аталган акция Катар Мамлекетинин Париж келишимине милдеттенмесинин алкагында өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган "Миллион дарак отургуз" демилгесинин иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. Экологиялык демилге биологиялык ар түрдүүлүктү жайылтууга, абанын сапатын жакшыртууга жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, бир миллион бак отургузуу демилгесин колдоо максатында Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги https://www.mme.gov.qa/static/million-tree атайын сайтын ачты.