Элчи Н.Ниязалиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен жолукту

3460

Ушул жылдын 13-февралында Доха шаарында Атайын жана Ыйгарымдуу укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2019 жылдын 31-январында өткөн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын дeңгээлиндеги ТИМдер аралык саясий консультацияларынын жыйынтыктары каралып, саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда мамилелерди күчөтүү максатында кийнки кадамдар талкууланды. Мамлекеттик министр эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап жана кызматташууну бекемдөөгө Катар Мамлекети кызыкдар экенин баса белгиледи. Элчи Нуран Ниязалиев коюлган пландар биргелешип ишке ашырылса, кыргыз-катар мамилелери жаңы баскычка чыгат деп ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK