Элчи Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн Коммуникациялар бөлүмүнүн Директору шейх Сейф бин Ахмед Аль –Тани менен жолугушуусу болуп өттү

7128

Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн Коммуникациялар бөлүмүнүн Директору шейх Сейф бин Ахмед Аль –Тани менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушууда Элчи Н.Ниязалиев республикадагы массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү жана басма сөз эркиндиги тууралуу айтып берип, Кыргызстандын ири массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн Катарга таанышуу сапарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында масс медиа жана коммуникациялык технологиялар тармактарында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK