Кыргызстандык компаниялар Жетинчи эл аралык “AGRITEQ-2019” көргөзмө-жарманкесине катышып жатышат.

4010

Кыргыз Республикасынын экспорттук азык-түлүк өндүрүшүн алдыга жылдыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жардамы менен 8 кыргыз компаниясы, тактап айтканда «Kyrgyz Natural Product», «GIMNILI», «Маныз», «Balary», «Aman Green Food», «Дары Тянь-Шаня», «Ala-Too Honey» и «Ханхяп» компаниялары Доха шаарында үстүбүздөгү жылдын 19-мартынан баштап 22-мартына чейин улана турган Жетинчи эл аралык “AGRITEQ-2019” көргөзмө-жарманкесине катышып жатышат.

Бул көргөзмө-жарманке Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин колдоосу менен жылса сайын уюштурулат жана өтүп жаткан иш-чара айыл чарба жана айлана чөйрө тармагындагы заманбап жетишкендиктерге жана технологияларга арналган. Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында айыл чарба секторундагы жаңычылдыкка (инновацияларга), айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу конференциялар, ар түрдүү бет ачарлар жана потенциалдуу ишкерлердин сүйлөшүүлөрү өткөрүлүп жатат. Иш-чарага 49 мамлекеттен келген 450 компания катышып жатат. Кыргызстан аталган иш-чарага экинчи жолу катышып жатат жана ар түрдүү балдын сортторун, кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак, жогорку сапаттагы инкубациялык жумуртка жана тоок этин алып чыкты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK