Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

3424

2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы д-р Ахмад Хассан Аль-Хаммадиге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Д-р Ахмад Хассан Аль-Хаммади Кыргызстандын Катардагы Элчиси катары дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга чоң потенциал бар экендигин айтып, аны боордош эки элдин кызыкчылыгы үчүн колдонуунун зарыл экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Чынгыз Эшимбеков кыргыз-катар мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн баардык күчтөрүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK